Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөөгө карата даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев майрамдын даярдыгын текшерүү үчүн эртең мененки саат 9дан бери аянтта болду.
Учурда параддын даярдоо иштери жүрүп, адистер жабдуулардын техникалык жарамдуулугун текшерип жатышат. Майрамдык иш-чараны даярдоого бардык шаардык кызматтар жана төрт шаардык администрация тартылган.