Бишкекте Болуш Мадазимовдун 85 жылдыгына арналган концерт өтөт
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 5-ноябрь күнү белгилүү комузчу
Болуш Мадазимовдун 85 жылдыгына арналган концерт өтөт. Бул тууралуу 2-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм
министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Анда республикабызга белгилүү
комузчулардын аткаруусунда Б.Мадазимовдун чыгармалары тартууланат. Болуш
Мадазимов өзүнүн чыгармалары менен бир гана Кыргызстанда эмес, Борбор
Азияда да белгилүү комузчу болуп саналат. Анын аткаруусундагы ыр, күүлөрдү
миллиондогон адамдар угуп келишет. Б.Мадазимовдун 85 жылдыгын белгилөөнүн
алкагында өлкөнүн түштүгүндө, анын ичинде Ош шаарында иш-чаралар өткөрүлгөн.