Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогунун алкагында Биринчи Лигада "Соң-Көл" командасы 3-орунду камсыздады. Алар 3-4-орун үчүн болгон беттеште Нарын облусунун "Ат-Башы" командасына каршы оюн өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңип алды.
Беттештин жүрүшүндө "Соң-Көл" командасы алгачкылардан болуп экинчи бөлүктүн башында эсепти ачууга жетишти. Андан соң оюндун аягына чейин командалар тарабынан эч кандай салымдар ташталбай, беттеш 1:0 эсебинде "Соң-Көлдүн" пайдасына жыйынтыкталды.
Эске салсак, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган көк бөрү мелдеши 23-августта башталган.