Таласта электр зымдарынын кыска туташуусунан улам кампалардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Талас районундагы Ак-Калпак жаңы конушунда аянты 25 чарчы метр кампа толугу менен күйүп кетти. Андан тышкары 3 даана муздаткыч күйгөн. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, толук өчүрүлдү.
Жабыркагандар жок.