Бүгүн, 30-августта көк бөрү боюнча президенттин Кубогу мелдешинде Жогорку Лигада "Достук" жана "Ала-Тоо" командалары 3-4-орундар үчүн ат салышууда.
"Достук" командасынан белгилүү көк бөрүчү Кыяс Ниязов эсепти теңөөгө жетишти.
Буга чейин оюндун башталышынан көп убакыт өтпөй, "Ала-Тоо" командасынын оюнчусу Аскат Аскаров эсепти ачып, алгачкы салымды таштаган.
Азырынча командалар 1:1 эсебинде оюнду улантышууда.