Көл жээкте бүркүт көтөргөн жигит: "Сезондо күнүнө 6-7 миң сом табам"

Ысык-Көлдүн боюнда бүркүт көтөрүп, эс алуучуларды сүрөткө түшүргөн жигиттерди көп учуратабыз. Алардын бири Ысык-Көл облусунун Кашат айылынын тургуну 21 жаштагы Баястан Мазиев менен анын мүнүшкөрлүк өнөрү тууралуу маектештик.

Баястан, саламатсызбы! Бүркүт багууга болгон кызыгуу качан пайда болду эле? Канча жылдан бери көл жээкте иштейсиз?

- Чоң атам саяпкер жана мүнүшкөр болгон. Бул атадан балага өткөн өнөр десем болот. Мен 8 жашымдан бери бүркүт-кушка жакынмын. 9-класстан тарта бүркүт көтөрүп иштей баштадым. Учурда үч бүркүтүм бар. Ар бирине мүнөзүнө жараша “Альберт”, “Баатыр” жана “Бөксөнүн аласы” деген ат койгом. Жай мезгилинде бүркүтүмдү көтөрүп, эс алуучулар менен иштешем. Ал эми кышкысын тоого аң уулоого чыгам.

Жакшы. Кайсы жерлерде иштейсиз жана канча каражат табасыз?

- Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда, Бостери айылындагы көл жээктерде иштейм. Тапканыбыз адам санына жараша болот. Мисалы, сезон учурунда күнүнө бүркүт менен 5 миң сомдон 6-7 миң сомго чейин табам. Ал эми кичинекей чымчыктарды көтөрүп жүргөндөр мындан азыраак табышат. Анткени бүркүт менен сүрөткө түшкөнгө 100 сом, ал эми кичинекейлери менен түшкөнгө 50 сом.

Бүркүттөр адамдардан коркуп, чоочуркап калбайбы?

- Албетте, башында бүркүттөр адамдардан коркушат. Кийин көнүп кетишет. Булар да кекчил болушат. Эгер аны чапсаң бир күнү өзүңө чабуул жасайт. Бүркүттөрдүн кыялдары чорт болот. Андыктан аёо жана этияттык менен мамиле жасоо керек.

Эмне менен тамактандырасыңар?

- Бир бүркүткө күнүнө 1 килограмм эт сатып беребиз. Кадимки эле адам жеген уйдун жана койдун таза этин беребиз. Ал эми кышкысын өзүн-өзү багат. Тескерисинче, бүркүт бизди багат десем болот. Булар түлкү, чөөлөрдү кармайт. Этин өздөрү жешсе, терисин биз сатабыз. Бир түлкүнүн териси 1500-2000 сом болот. Ысык-Көлдө сезон бүтөрү менен 1 ай мурун бүркүткө томого кийгизип, көздөрүн курчутуп аң уулоого даярдай баштайбыз.

Бүркүттөрдү көбөйтүү жолу кандай болот?

- Бүркүттөр колго түшкөндөн кийин көбөйүүнү билишпейт. Алар 7 жашка чыкканда кайра коё беребиз. Ошол учурда тоого учуп кетет же кайра кармалып калат. Негизи бүркүттөрдү сатып албайбыз. Тоого чыгып, торго түшүрөбүз. Андан соң аны жоошутабыз.

Бүркүттү бир күн бою көтөрүп жүрүүдөн кол талыйбы? Булардын салмагы канча болот?

- Бүркүттүн чоңдорунун салмагы 9-10 килограмм болот. Колдорубуз талыйт. Бирок көнүп калабыз. Башкаларга оор сезиле берет.

Иштөө үчүн салыкты кайда төлөйсүңөр?

- Жеке пансионаттарга кирүү үчүн акы төлөйбүз. Азыркы учурда көп пансионаттар ачык. Көлдө жашагандыктан эч нерсе дебей эле киргизишет. Иштөө үчүн салык төлөбөйбүз.

Азыркы учурда канаттууларга, анын ичинен бүркүттөргө аяр мамиле жасоо боюнча долбоорлор жүрүп жатат. Буга болгон көз карашыңыз кандай?

- Менин бүркүттөрүм жакшы багылат. Убагы менен түлөтөбүз. Негизи бүркүт Кызыл китепке кирген. Ар бир бүркүткө паспорт жасатып, мүнүшкөр катары өзүбүзгө каттатабыз. Бүркүттү паспорту жок көтөрүүгө болбойт. Буларды да аяш керек. Мисалы, кичинекей балдар бүркүт көтөрүп иштейбиз деп чыгып алышат. Алар бүркүттөрдү жүдөтүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан тажрыйбалуу, эр жеткен уландар иштеши керек деп ойлойм.

Жасаган ишиңизден ырахат ала аласызбы?

- Кээде чет элдик туристтер мени бүркүтүм менен тоого бир күнгө алып кетишет. Алар менен жүрүү мага кызыктуу. Өздөрү коёнду качырып бүркүттү коё беришет. Алар менен видеого чогуу түшүп жыргап жүрө берем. Алар акчасын да жакшы төлөп беришет. Негизи кызыктуу күндөр көп болгон.

Бүркүттөр адамга кол салып жибербейби?

- Бүркүттөрдү ишке алып чыгардан мурун алар адамга кол салып жибербейби же чапчыбайбы атайын текшерүүдөн өткөрөбүз. Бүркүттөрдү текшерген агабыз бар. Бирок мамлекеттик деңгээлде эмес. Илимбек Бурганаков деген байкеге барып текшертебиз. Ал сыноодон өткөрөт. Өзүбүз да, бүркүт да таза болушу керек деген сыяктуу талаптар бар. Уруксатты оозеки эле берет. Кызматына көңүлдөн чыккан акчаны беребиз. Кошумчалай кетсем, бүркүттөрдүн кыялы адамдардыкындай, арасында көк беттери да, жооштору да бар.

Бүркүтүңүз менен салбуурунга катыштыңызбы?

- 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бир бүркүтүмдү салгам. Ал сынактан өтпөй калган. Бирок АКШнын атынан чыгып, экинчи орунду багындырган. Дагы бир бүркүтүм Араб Эмиратына барып келди. Ошондо көз тийген окшойт, кышында катуу ооруп өлүп калды.

Мындан ары да мүнүшкөрлүк өнөрүңүздү улантасызбы?

- Ооба, азыркы учурда элдин баары эле бүркүт бакпайт. Мисалы, 5 бир тууган болсом, ичинен мен эле канга сиңген өнөрдү аркалап жатам. Мен үчүн бул өнөрдү таштоо оор. Бизден кийинки муундар да бул өнөрдү улантыш керек.

Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oscar
2021-08-31 12:40:52
Салык кызматы келе жатат эми жолдо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан