Ат тай казандан аттап кетти. Кыяз Ниязовдун шамал менен жарыша улак салганы (видео)

Бүгүн, 30-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогунун Жогорку Лигасында "Достук" жана "Ала-Тоо" командалары 3-4-орундар үчүн ат салышууда.

Бүйүр кызыткан оюндун 17-мүнөтүндө "Достук" командасынын капитаны, белгилүү улакчы бир туугандардын бири Кыяз Ниязов эсеп санын теңей алды. Ал улакты жерден эңип, шамал менен тең жарыша тай казанга улакты салды. Ошол эле учурда "Ала-Тоо" командасынын мүчөсү улакты салдырбоо айласын кылып жатып аты менен тай казандан аттап кеткенине күбө болдук.

Шамал менен жарышкан Кыяс Ниязов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан