Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу мелдешинде Жогорку Лигада "Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын 3-4-орундар үчүн болгон беттеши уланууда.
Беттештин 1-бөлүгү 2:1 эсебинде "Достуктун" пайдасында жыйынтыкталды. Алгачкы бөлүктүн бүтөрүнө 20 секунд калган убакта Кыяз Ниязов экинчи ирет өзгөчөлөнүп, экинчи улакты таштоого жетишти.
Ал буга чейин дагы эсепти теңдеген.
Ал эми оюндагы алгачкы улакты "Ала-Тоо" командасынын оюнчусу Аскат Аскаров таштаган.
Азырынча эсеп 2:1. "Достук" алдыда келүүдө.