Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу мелдешинде Жогорку Лигада "Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын 3-4-орундар үчүн болгон беттеши уланууда.
Көпкө созулган тыныгуудан соң, 2-бөлүк башталары менен белгилүү улакчы Манас Ниязов укмуштуудай салым таштап, эсепти теңөөгө жетишти.
Буга чейинки улактарды "Достук" командасынан Кыяс Ниязов эки ирет таштаган.
Ал эми "Ала-Тоонун" алгачкы салымын оюндун башында Аскат Аскаров салган.
Азырынча эсеп 2:2.