"Убакыт өтүп жатат, командалар болсо кайдыгер оюн көрсөтүп жаткандай сезилет". "Соң-Көл" - "Ат-Башы" беттешинде алып баруучу оюнчуларга нааразы болду

Бүгүн, 30-августта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча президенттин Кубогунун алкагында мелдеш өтүүдө. Анын алкагында Биринчи Лигада "Соң-Көл" жана "Ат-Башы" командалары 3-орун үчүн ат салышып, 1:0 эсебинде "Соң-Көл" командасы жеңишке жетишкен.

Оюндун жүрүшүндө улак чийинди таштап кеткен соң, командалардын эч бири улакты алып келүүгө аракет кылбай койгон учурлар орун алып, бир нече көз ирмемге оюнда тыныгуулар жаралып жаткандыктан, беттештин алып баруучусу Асылбек Өзүбеков оюнчуларга нааразычылыгын билдирди.

"Командалар өзүңөрдүн убактыңарды өзүңөр жеп, убакыттан уттуруп жатасыңар. Улакты алып келип ортого таштай койбойсуңарбы. Ар бир мүнөттү орду менен пайдаланганга аракет кылышыңар керек. Бүгүн 3-4-орундун тагдырын чечесиңер. Ошол силерге жараша болот. Эгерде минтип каалгып жүрө турган болсоңор, анда мындай ийгиликтерге жетпейсиңер. Экинчи бөлүктүн канча деген убактысы өтүп жатат. Ар бир мүнөтүңөр кымбат. Ошону эске алгыла. Эки-үч улакты таштап коюп анан шашпай жүрө берсеңер болот. Азыр 0:0 болуп турганда чамдашыңар керек", - деди оюндун алып баруучусу Асылбек Өзүбеков.

Ошондой эле ал оюндун эрежесине ылайык, улак кимдин колунан чийиндин сыртына түшсө, ошол оюнчу аны тегерек чийинге алып келиши керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан