Манаска Кыяз тең келип... Белгилүү ага-ини көк бөрүчү Ниязовдор бир оюнда кез келишти

Бүгүн, 30-августта кереметтүү көлдүн жээгинде өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн болгон мелдеште Жогорку Лигада "Достук" жана "Ала-Тоо" командалары 3-орун үчүн күч сынашууда.

Оюндун жүрүшүндө 2 каршылаш команданы тең алдыга сүрөгөн улакчылар бир туугандар Манас жана Кыяз Ниязовдор экенин байкоого болот.

Белгилүү болгондой, мурда бир туугандар "Достук" командасында ойноп келишкен. Кийин көк бөрүчү Манас Ниязов жаңы түзүлгөн "Ала-Тоо" командасына өткөнүн жарыялаган. Аталган командада башка да белгилүү улакчылар бар. Алгач Биринчи Лигада оюнун баштаган өткөнкү турнирлерде жеңишке жетишип, Жогорку Лигада ойноого мүмкүнчүлүк алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2021-08-30 19:17:56
Кыяз эмес Байыш Манас Ниязовтор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан