"Достук" - "Ала-Тоо" беттеши: 2-бөлүк баштала элек. "Ала-Тоо" командасы Кыяс Ниязовдун 2-салымын жокко чыгарууну талап кылышууда

Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу мелдешинде Жогорку Лигада "Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын 3-4-орундар үчүн болгон беттеши уланууда.

Беттештин алгачкы бөлүгү 2:1 эсебинде "Достуктун" пайдасына жыйынтыкталган. Бирок эс алуу убактысы аяктаса да экинчи бөлүк башталбай, командалардын ортосунда талаш пикир орун алды.

"Ала-Тоо" командасы 1-бөлүктүн бүтөрүнө аз калган убакта ташталган Кыяс Ниязовдун экинчи улагын жокко чыгарууну талап кылышууда. Ал эми анын себеби азырынча белгисиз.

Учурда талаштуу маселени команда капитандары менен калыстар талкуулап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан