Якутиядагы токой өрттөрүнөн кийинки сүрөттөр жарыяланды. Якутияда токой өрттөрүнүн аянты 8,4 миллион гектарга жетти. Бул акыркы он жылдагы рекорддук көрсөткүч.
Орусиялык басылмалар жазгандай, республикада 43 токой өрттөнгөн.
Эксперттердин эсептөөлөрү боюнча, жыл башынан бери Орусиядагы токой өрттөрү 14,96 миллион гектар аянтты кыйраткан. Өрттүн санынын өсүшүн климаттын өзгөрүшү жана Мамлекеттик токой чарба башкармалыгынын начар иштөөсү менен байланыштырышкан.