Президенттин Кубогу: 3-орун үчүн болгон беттеште "Ала-Тоо" "Достукту" 4:2 эсебинде жеңип алды

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн болгон мелдеште Жогорку Лигада "Достук" жана "Ала-Тоо" командалары 3-орун үчүн ат салышты. Бүйүр кызыткан беттеште эки тарап тең бири-бирине татыктуу атаандаштык көрсөтүп, бирок оюндун жыйынтыгында 4:2 эсеби менен "Ала-Тоо" командасы жеңишке жетишти.

"Ала-Тоо" командасына жеңиш алып келген упайды белгилүү улакчы Манас Ниязов, Бообек Шакирбек уулу жана Аскат Аскаров (2 ирет улак салды) алып келишти.

Ал эми Кыяз Ниязов "Достук" командасы үчүн 2 улак таштоого жетишти.

Муну менен "Ала-Тоо" командасы Эгемендүүлүктүн 30 жылдык майрамына арналган президенттин Кубогу үчүн болгон мелдеште Жогорку Лиганын 3-орунун камсыздады.

Эске салсак, "Ала-Тоо" командасы жарым финалдык баскычта Таластын "Ынтымак" командасына жеңилип, финалга чыга албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tariel_tt
2021-08-30 14:48:55
Достукка чон стимул болсун.
0
Asmat84
2021-08-30 15:34:07
Негизи эле улакты эң эле кызыктырган достук менен ала тоо командасы да
мейли биринчи болсун мейли акыркы болсун Манас Байыш Кыяздар ойногон улакты эл берилип күтүшөт
0
make2
2021-08-30 20:15:10
Ынтымак дайым бирде
-2
ErkinOkenovich
2021-08-30 23:47:09
Сары Озон буйруса чемпион! Жигиттер боодо кырсыктан алыс болгула. Эки команда тен мыкты команда ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан