Маркумду акыркы сапарга узатуу агенттиги жаназа кийимдеринин коллекциясын чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, "Аял дайыма сулуу болушу керек" деген ураан астында украин компаниясы түстүү кийимдерди моделдерине кийгизип, табытка жаткырып фотосессия жасашкан. Реалдуу болушу үчүн алардан көздөрүн жумуп, колдорун кайчылаштырып коюуну суранышкан.
Мода үчүн өлүм тоскоолдук эмес дегендей аталган коллекцияларга тапшырыктар келип жатканы жазылат.