Ысык-Көлдү сүзүп өткөн Владислав Шулико кийинки максаты тууралуу айтты

Жакында эле Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, рекорд койгон мекендешибиз Владислав Шулико Инстаграм баракчасы аркылуу күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

"Силердин мага болгон колдооңорго, мага ишенгениңерге, жакшы сөздөрүңөргө жана жылуу каалоо-тилектериңерге чоң рахматымды айтам. Ар бириңерге жекече жолугуп ыраазычылык айта албаганым үчүн кечирим сурайм. Силер мыктысыңар! Кийинки максатым Париж 2024", - деп жазып калтырган спортчу.

Эске салсак, Владислав Шулико дүйнөлүк рекорд коюуга белсенип, 22-августта таңкы саат 07:30да Караколдон сүзүп чыккан. Аны 2 моторлуу кайык менен 5 адам коштоп жүргөн.

Спортчу өзү белгилегендей, 27-август күнү саат 15:26да Ысык-Көлдүн батышына, Балыкчы шаарындагы көл жээгине сүзүп жеткен. Ал 181 чакырым аралыкты 5 жарым күндө басып өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан