“NBC” телеканалынын алып баруучусу Аль Рокер репортаж учурунда “Ида” бороонунун астында туруп, көпчүлүктү таң калтырды. Бул тууралуу анын твиттерде жарыяланган видеосуна таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, журналист Жаңы Орлеанга отчёт берүү үчүн келген. Видеодо көрүнгөндөй ал толкунга жана катуу бороонго туруштук бере алган.
Социалдык тармактардын колдонуучулары журналист үчүн кабатыр болушкан. Айрымдары репортаж үчүн өз өмүрүн тобокелге салып жатат, аны толкун алып кетүүсү мүмкүн эле дешсе, башка колдонуучулар тескерисинче табияттын күчүнө туруштук бергенине суктанышкан.
Учурда анын твиттердеги видеосу бир нече миң лайк жана жүздөгөн комментарий топтоду.