Кечээ, 29-августта Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Таласта өтүп жаткан иш-чарада каскадёр жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облустук ооруканасынын дарыгери Алымбек Серкул уулу билдирди.
Анын айтымында, ооруканага 38 жаштагы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун тургуну саат 22:00дө "Тез жардам" кызматы менен келип түшкөн.
"Ал оюн көрсөтүп жаткан учурда аты үркүп кетип, аттын туягы башына тийиптир. Мындан сырткары ал от менен дагы оюн көрсөтмөк окшойт, оң жак колу анан бети күйүп калган. Ошондой эле сол жак акыреги сынып кеткен, баш мээси чайкалган. Учурда облустук оорукананын жаракат бөлүмүндө дарыгердин көзөмөлүндө. Абалы туруктуу", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, 29-августта Таластагы "Манас ордо" улуттук этно комплексте "Урааным Манас!" деп аталган театрлаштырылган салтанат болуп өттү. Иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты.