Эртең, 31-августта Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25 градуска чейин жогорулайт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн +16…+18, күндүзү +28…+30 градус ысык болот.