Куудул Назира Жетигенова: "Кыз экенимди кабыл алуу кыйын эле болгон"

Белгилүү куудул, актриса, алып баруучу Назира Жетигенова бала кезинде кыз экенин кабыл алуу кыйын болгонун, чыгармачылыкка кантип аралашып калгандыгын жана жеке жашоосундагы жаңылыктары тууралуу SUPER.KG порталына маек куруп берди.

"Кичинемде эркек балдардай өстүм, кимдир бирөө кыз десе таш менен кубалап, "Кыз эмесмин, мен Солтонун баласымын" дечүмүн (күлүп). Атам 3 уул, 3 кыздуу болом дечү экен, мен төрөлө электе эле уул болот деп күткөн экен. Ошондон улам дагыбы эркекмин дечүмүн. Кийин мектепке барганда дагы формамды шымыма шымдап алчумун, кыз экенимди кабыл алуу кыйын эле болгон. Менден улуу байкем машыгып жүрчү, анын төшү чыгып калганын көрүп, эмне меники чыкпайт деп ыйлагам, машыксаң чыгат деген да, анан бир күнү чыныгы төшүм чыгып калыптыр да, аны мен машыгып жатып чыгарып алдым деп ойлогом да (күлүп). Бул мындай эле андан аркы жактарын айтпай эле коёюн", - дейт Жетигенова.


Назира Жетигенова: "Кыз экенимди кабыл алуу кыйын болгон"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2021-08-30 18:18:06
Кызык жерине келгенде токтоп калды го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан