Индияда 70ке жакын адам табышмактуу оорудан каза болду

Индияда 70ке жакын адам табышмактуу оорудан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алардын кыркы жаш балдар. Бейтаптардын көпчүлүгүнүн дене табы көтөрүлүп, нымдуулук жетишпей, канда тромбоциттердин деңгээли төмөндөп кеткен. Кээ бир бейтаптарда “денге” окшош симптомдор (баштын, булчуңдардын катуу оорушу, жүрөктүн айланышы жана лимфа түйүндөрүнүн шишиши) байкалган.

“Штатта оору суунун, санитариянын жана гигиенанын жоктугунан жайылып жатат. Жаан-чачын жана ысык аба ырайы да инфекциянын чыгышына өбөлгө түзөт”, - дейт дарыгер Маниш Асиж.

Эске салсак, Индия абсолюттук санда коронавирустук инфекциядан каза болгондордун саны боюнча АКШдан кийин экинчи орунда турса да, салыштырмалуу санда башка өлкөлөргө караганда кыйла аз жабыркаган. Көрсөткүч боюнча өлкө дүйнөдө 117-орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан