Бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 7 медаль тагынды

Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда өлкө намысын коргогон спортчуларыбыз 7 медаль тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн бокс федерациясынан кабарлашты.

Аталган мелдеште Элдар Эсембаев менен Алмаз Орозбеков аттуу мушкерлерибиз күмүш, ал эми Баястан Токтосунов, Бексултан Бактыбек уулу, Мухаммадазиз Закиров, Эмирхан Ражапов жана кыз-келиндер арасында Зухра Исраилова аттуу спортчуларыбыз коло байгени камсыздаган.

Муну менен Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасы медалдык тизмеде Азия чемпиондугуна катышкан 15 өлкөнүн ичинен 5-катарга жайгашты.

Эске салсак, бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу 20-29-август күндөрү Дубай шаарында өткөрүлгөн. Ага Кыргыз спортчулары жаштар курама командасынын ага машыктыруучусу Төлөнбай уулу Уландын жетекчилигинде катышышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан