Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине карата Талас облусунан Бишкек шаарын көздөй чуркап чыккан жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Кара-Балта шаарына жетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Оболбек Осмонбеков 26-августта таңга жуук Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылынан марафонун баштаган. Ал өз жолунда 2 ашууну ашып өткөн.
31-август - Эгемендүүлүк күнүндө Бишкек шаарына чуркап жетүүнү максат кылган жөө күлүк учурда Кара-Балта шаарындагы айланма жолго жетип, дагы 30 чакырымдык жолду басып өтүүнү көздөп жатканы айтылды.
Эске салсак, Оболбек Осмонбеков буга чейин дагы 2020-жылы 19-июнда Ат-Башы районунан чуркап чыгып, 24-июнда Бишкек шаарына жеткен.
Мындан тышкары ушул жылдын апрель айында да Бишкектен Ошко чейинки аралыкты 8 күндө багындырган.
Жөө күлүк бул жолку ийгилигин Эгемендүүлүк майрамынын 30 жылдык мааракесине арнай турганын белгиледи.