Ош шаарында 13 жаштагы баланы сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-август күнү кечки саат 20:00 чамасында Ош шаарынын Уркуя Салиева көчөсүндө 2008-жылы туулган Т.А. аттуу өспүрүмдү Дэу-Матиз үлгүсүндөгү унаасы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Натыйжада жөө жүргүнчү денесинен алган жаракаттарынан улам Ош облустук балдар ооруканасына кайрылган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Бүгүн, 30-август күнү аталган унаа табылып, айып короого киргизилген. Ал эми айдоочу 1993-жылы туулган П.А. аттуу жаран болгон.