
Ошто жол кырсыгы катталып, бир унаада келе жаткан 3 адам каза болгону
маалымдалган. Кырсыктан каза болгондор бир туугандар болгон. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"Каза болгон жарандар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары. Булар бир туугандар. Ал эми өспүрүм каза болгондордун биринин небереси", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Жол кырсыгы 28-августта Ош-Ноокат жолунда, тагыраагы Жапалак айылынын чыга беришинде катталган. Алдын ала маалыматка караганда, Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеде токтоп турган ИИМдин атайын автобусун ашып өтүү аракетин жасаган учурда сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз үлгүсүндөгү автоунаада келе жаткан 3 жаран каза болгон.