Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнү белгиленет. Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын жарыялаганына 30 жыл толду.
Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясын кабыл алган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.
Жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Быйыл дагы бул датага байланыштуу ар кандай салтанаттар өтөт.