Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Диалог Европа кеңеши тарабынан демилгеленген. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-европа көп пландуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле региондогу кырдаалдын өнүгүшү, анын ичинде Ооганстандагы абал боюнча пикир алмашуу болду.
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кыргыз мамлекетинин Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу эң жакшы тилектерин айтты.
Ал Европа үстүбүздөгү жылы Садыр Жапаровдун Брюсселге келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын мааракелүү датасына байланыштуу жылуу куттуктоолору жана каалоо-тилектери үчүн Шарль Мишелге ыраазычылык билдирди.
Ал Кыргыз өлкөсү үчүн Европа Биримдиги менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенине өзгөчө токтолду.
Садыр Жапаров акыркы жылдары эки тараптуу багыттагы алака кеңейип жатканын белгилеп, кыргыз тараптын кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына пландалган “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке делегация жөнөтүүгө даяр экендигин ырастады.