Атай Өмүрзаков жана «Тумар КР» бий тобу «Даңк мүнөтү» долбооруна катышуудан баш тартты

Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков жана «Тумар КР» бий тобу "Даңк мүнөтү: Олимпиада сезону" ("Минута Славы: Олимпийский сезон") долбооруна катышууну улантуудан баш тартышты. Атай Өмүрзаков социалдык баракчасына «Биз долбоордун жарым финалынан конкурс калыс өтпөй жатат деп баш тарттык. Андыктан бул жагдайды туура түшүнүп, кечирип коюшуңуздарды суранабыз», - деп жазган. Кыргызстандык бийчилер «Даңк мүнөтү: Олимпиада сезону» сынагына катышып, жарым финалга чыгышкан. Жеңүүчү акчалай сыйлыктан тышкары Сочидеги Олимпиаданын ачылыш аземине катышмак. Катышуудан баш тартышканы тууралуу бийчилер «Бизге конкурска жөн гана катышуунун кереги жок, биз жыйынтыкты көргөзгүбүз келген. Бирок сүйлөшүүнүн жүрүшүндө бардыгы эбак эле чечилип, алар ошол план боюнча даярдап жатышкандыгын түшүндүк. Биз конкурс таза өтпөй жатат деп эсептейбиз жана андан ары катышуудан баш тартабыз», - деп маалымат каражаттарына комментарий беришкен. 
Атай Өмүрзаков жана Тумар КP Даңк мүнөтү 28 09 2013
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
mymoon
2013-11-04 09:06:19
туура кыласынар. Калыс отсо деле байгелуу орунга жетмек эмессинер. Себеби бул бийинерди баары коруп, билишет. Жюрилер учун жаны нерсе эмес. Ал тургай мен учун да бул бийдин кызыгы кетти. Себеби баары эле Атай, баары эле робот. Башкача айтканда баркы кетти. Эн биринчи Атай озу бийлеп чыкканда тамшануу, кызыгуу менен коргом. Азыр теледен башка бироо бийлеп чыкса тескерисинче кыжырын келет.
+5
VIK
2013-11-04 09:38:39
Бирок азаматсынар.Ийгилик каалаймын!
0
Azamatnur
2013-11-04 09:52:15
Соонун бийлешет да бирок.
0
Sagy
2013-11-04 11:00:44
Азамат Атай, Сочи - 1014тун абийирин дуйного ачып, уят кылдын)).
-1
erkekyz22
2013-11-04 17:31:16
Sagy, 2014 эмесби?
0
Alicia
2013-11-04 11:41:21
Atai ozu bashka dagy jangy biilerdi koburook biilese kyzyktuu bolmok!
0
Raxim76
2013-11-04 12:37:37
Туура убакытты созбой келе бер.Калыстар баары бир оздорунукуно тартат.Озун деле тушунупсунго.
0
bosmos7
2013-11-04 13:19:01
Туура ! Бирок Европаны багындырып келдин азаматсын. Орус Украин Силердин жон гана баркынарды которууго жардам кылышты.
0
TILEK.8
2013-11-07 00:26:27
ийгилик калайм Кыргыз Элинин сыймыгысын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан