30-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 994 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлайт."30-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 994 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 345 метр куб, агып чыгышы 341 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми былтыр, 2020-жылы дал ушул күнү 14 миллиард 800 миллион метр куб суу бар болгон.