Казакстандагы жарылуудан каза болгондордун саны 14кө жетти

Казакстандагы жарылуудан каза болгондордун саны 14кө жетти. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү басылмалар жазып чыгышты.

Сапёрлер окуядан улам каза болгон дагы бир адамдын сөөгүн табышты. Анын аты-жөнү такталууда. Мындан тышкары дагы эки адамды издөө уланууда.

Белгилей кетсек, 26-августта кечки саат жетилер чамасында Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринин жанында өрт чыгып, анын натыйжасында кампада бир катар жарылуулар болгон.

Жалпысынан 10 жарылуу катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан