SUPER.KG порталы кыргыз элин эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайт

Бүгүн, 31-август өлкөбүз көз карандысыздыгын түзүп, эгемендүүлүк алганына 30 жыл болду. Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясын кабыл алган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендүүлү күнү жарыялаган.

Бул жылдар аралыгында жергебизде кыйын кырдаалдар, кандуу окуялар дагы болду. Ошого карабастан элибиз оңолууга, жакшы деңгээлге көтөрүлүүгө кылган аракеттери менен алдыга жылып келет.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргыз жергесинде жашаган ар бир жаранды, ата мекенди сүйүүчүлөрдү, эли-жери үчүн күйгөн инсандарды майрамы менен куттуктайт!

Эгемендүүлүк күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө береке, өлкөбүзгө өнүгүү алып келсин. Кыргыз жергесинде бакубат жашоо, бардар турмуш орун алсын. Үй-бүлөңүздөрдө жакшылык ыроолоп, ырыскыңар мол болушун каалайбыз. Желегибиз желбиреп, мекенибиз дайыма өнүгүү жолунда болсун. Асман тиреген Ала-Тоодон тынчтык, дөөлөт кетпесин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан