Тогуз-Тородо тоого карагат тергени кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 1963-жылы туулган Н.Б. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-август күнү Казарман айылынын тургуну Туура-Кайың жайлоосуна карагат тергени кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кечээ, 30-август күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында, саат 16:00 чамасында маркумдун сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан