Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен келет. Бул тууралуу ЖККУнун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал өлкөгө бүгүн, 31-августта келип, 2-сентябрга чейин болот. Ошондой эле өлкөнүн жогорку саясий жана аскерий жетекчилери менен жолугат.
"ЖККУнун башкы катчысы 15-16-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган ЖККУнун кезектеги сессиясына жана тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, коргоо министрлер кеңешинин жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына даярдыкты талкуулап, ЖККУнун аймагындагы абал тууралуу маалымат берет", - деп жазылат маалыматта.