Бүгүн, 31-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн болгон мелдешке катышып жаткан үч лиганын финалдык оюндары болот. Ошондой эле көк бөрү оюнунун финалы менен бирге эр эңиш жана салбуурун улуттук оюндары да орун алат. Оюндардын күн тартиби төмөнкүчө:
Саат 09:00 - Эр эңиш;
Саат 10:00 - "Көк-Жал" - "Мурас" (Биринчи Лига);
Саат 11:30 - Салбуурун;
Саат 13:30 - "Өзбекстан" - "Жети-Өгүз" (Эл аралык лига);
Саат 15:00 - "Ынтымак" - "Сары-Өзөн" (Жогорку Лига).
Көк бөрү боюнча үч лиганын финалдык беттештерин SUPER KG'нин YouTube каналынан түз эфирде көрө аласыздар.