Биз социалдык тармакта

Суусамырдан Бишкекке чуркап чыккан Кайрат Рапиев борбор калаага кирип келди

Эгемендүүлүк күнүнө карата Суусамыр өрөөнүнөн Бишкек шаарына чуркап чыккан Улуттук гвардиянын аскер кызматкери Кайрат Рапиев Бишкек шаарына жетти. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучуларынын бири баракчасына жарыялап, видеосу менен бөлүштү.

Видеодо Кайрат Рапиевди бир катар жоокерлер жана жөнөкөй жарандар коштоп келе жатышканын көрүүгө болот.

Эске салсак, Кайрат Рапиев кечээ, 30-августта Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесинин урматына Чүй облусундагы Суусамыр өрөөнүнөн борбор калааны көздөй марафонго чыккан. Ал 164 чакырымдык аралыкты 30 саатта басып өтүүнү көздөп жатканы айтылган.

Жөө күлүк Кайратбек Рапиев Бишкекке кирип келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан