"Реал Мадрид" клубу Килиан Мбаппени сатып алуу идеясынан баш тартты

Испаниянын белгилүү "Реал Мадрид" клубу "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппени сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Реал Мадрид" Мбаппе үчүн "ПСЖ" клубуна 180 миллион евро сунуштаган. Бирок Париж клубунан жооп болбогон соң "Реал Мадрид" сүйлөшүүлөрдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, футболчунун "ПСЖ" клубу менен болгон келишими 2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. Ал эми "Реал Мадрид" Мбаппеге алдын ала келишим сунуштоону көздөп жаткан.

Эске салсак, Килиан Мбаппе "ПСЖ" клубунда 2017-жылдан бери ойноп келет. Өткөн сезондогу Франция чемпиондугунда ал 31 оюнга катышып, 27 гол киргизип, жети жолу голдук пас чыгарып берген. Ошондой эле Чемпиондор Лигасында 10 оюнга катышып, 8 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан