Октябрь айынан тарта айрым мамлекеттик социалдык төлөмдөр 50 пайызга, жаңы жылдан тарта 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында сүйлөп жатып билдирди.
"2009-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 4 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Бул сумма бүгүнкүгө чейин өзгөргөн жок. Октябрдан тарта жөлөк пул 6 миң сом, жаңы жылдан баштап 8 миң сом болот", - деди президент.
"Тоголок жетим балдарга жөлөк пул 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулайт. Пенсия дагы 1-октябрдан баштап индексацияланат", - деди Садыр Жапаров.