Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 540-чакырымында жол кырсыгы катталып, 1 адам унаада кыпчылып калды деген маалымат жол кайгуул кызматына келип түшкөн.
Куткаруу иштерине 2 куткаруучу тартылган.
Учурда кырсыктын чоо-жайы териштирилүүдө.