Бишкектин "Көк-Жал" командасы Биринчи Лигада чемпион аталды

Бишкек шаарынын "Көк-Жал" командасы Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулган президенттин Кубогу үчүн болгон мелдеште Ысык-Көлдүн "Мурас" командасын жеңип, Биринчи Лиганын чемпиону аталды.

Беттештин жүрүшүндө "Көк-Жалдын" оюнчулары ар бир бөлүктө атаандашынын тай казанына бирден улак таштап, 3:0 эсебинде жеңишти камсыздады.

Эске салсак, "Көк-Жал" командасы финалдык баскычка чейин "Ысык-Ата", "Ай-Тамга", "Ачы" жана "Ат-Башы" командалары менен беттеш өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-08-31 12:34:10
Ошондо жогорку лигага өттүбү булар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан