Кытай бийлиги мектеп окуучуларына жума, ишемби жана жекшемби күндөрүнөн башка бардык иш күндөрү видео оюндарын ойноого тыюу салды. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, бул аракет өспүрүмдөрдүн онлайн оюндарына болгон көз карандылыгын оздуктоо максатында жасалган. Ошондой эле балдардын психикалык жана физикалык ден соолугун сактоого жардам берет деп эсептейт.
"Жаңы эрежеге ылайык, 18 жашка чейинки балдар аптасына үч сааттан ашык ойной албайт. Ал эми дем алыш жана майрам күндөрү онлайн оюндарын ойноого бир гана саат уруксат берилет. Бөлүнгөн убакыт ичинде ойноо үчүн алгач колдонуучу чыныгы аты-жөнүн жана телефон номерин каттоодон өткөрүүсү керек.
Мындан тышкары балдардын түн ичинде оюн ойноосун көзөмөлдөө үчүн "Midnight Patrol" системасы иштелип чыккан. Мындай аракеттер видео оюн компанияларын кризиске алып келүүдө", - деп жазылат маалыматта.