Саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу бир катар медицина кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.