Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров бир катар маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу жарлыгына кол койду.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы төмөнкү акындарга ыйгарылды:
Жеңишбек Жумакадыров - төкмө акын;
Азамат Болгонбаев - төкмө акын, Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору;
Амантай Кутманалиев - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
“Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун төкмө акыны;
Аалы Туткучев - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
“Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун жетекчиси;
Бактыгүл Чотурова - акын, М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын адабий бɵлүмүнүн башчысы.