Эл артисти болгон Айчүрөк Иманалиева: "Көп жылдык эмгегиң менен алган сыйлык барктуу дагы, таттуу дагы болоруна ишенем"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева бүгүн, 31-августта Эл артисти наамы менен сыйланды. Президент Садыр Жапаров республиканын маданиятына салым кошкон, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу бир катар өнөр адамдарын сыйлады.

Чыгармачылыкка 8-классынан тарта аралаша баштаган Айчүрөк Иманалиева толкунданып жатканын айтып, буларга токтолду.

"Биринчиден, жалпы кыргыз элин көз карандысыздык күнү менен куттуктайм. Ал эми наам алганым боюнча айтсам, көп жылдык эмгегиң бааланып сыйлык алганың таттуу дагы, барктуу дагы болоруна ишенем. Көп жылдык эмгегимди баалап, сыйлык тапшырып жаткан өкмөт башчыларыбызга, бизди көтөргөн эли-журтума, күйөрмандарыма жана дайыма колдоо көрсөтүп келген үй-бүлөмө ыраазычылык билдирем.

Чыгармачылыкта колумдан келишинче эмгектенип, 36 өлкөгө барып, дипломат, лауреат болуп келдим", - деди ал.

Айчүрөк Иманалиева Эмгек сиңирген артисти наамын мындан 7-8 жыл мурда алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nina.alex
2021-08-31 21:29:45
Мактанчаак тыгында чек жок
0
Nina.alex
2021-08-31 21:30:16
Бирото эле 360 олкого баргам деп мактанып албаптыр мактанчаак апче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан