"Бийлик - дайыма эле эл талап кылган бийиктикте боло албады". Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин куттуктады

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу мекендештерим! Элибиз эчен кылымдардан бери эңсеп, ата-бабаларыбыз жанын аябай күрөшүп жүрүп, көз карандысыз мамлекет болгонубузга бүгүн 30 жыл толду. Баарыңыздарды ушул улуу майрамыбыз менен куттуктайм!

Соңку 30 жыл - тарыхый көз ирмем гана болгону менен өлкөбүз арбын ийгиликтерге ээ болду, эл аралык аренада Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет болуп таанылды. Бир эл, бир журт катары сыймыктана турган иштерди аткардык. Аны менен катар кемчиликтер, өксүктөр да болду. Бийлик - дайыма эле эл талап кылган бийиктикте боло албады. Өлкөбүздөгү ийгилик, жетишкендиктер – элдики, кемчилиги – бийликтики болду. Биз, саясатчылар, элибиздин, азыркы муундун алдында гана эмес, тарых алдында да жоопкербиз.

Аталардын жаркын элесине таазим этүү менен алар мураска калтырган мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык, элибиздин биримдиги, жерибиздин бүтүндүгү сындуу баалуулуктарды саясий жана пенделик кызыкчылыктардан жогору коюуга милдеттүүбүз!

Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! Элибиздин келечеги үчүн аракет кылып жаткан азыркы муундун мамлекеттик ишмерлерине, саясатчыларына ийгиликтерди каалайм. Касиеттүү жергебизди, көп улуттуу элибизди Жараткан колдоп, эркиндигибиз түбөлүк сакталсын! Кыргыз эли, Кыргыз жери ар дайым бар болсун! Ар бир үйгө аманчылык, токчулук, жакшылыктарды каалайм! Майрамыбыз кут болсун!", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан