Түркмөнстандын өлкө башчысы ооган качкындарын кабыл алуудан баш тартты

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ооган качкындарын кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал бул аракетти өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу деп түшүндүргөн.

Азыркы оор эпидемиологиялык шартта ооган качкындарын кабыл алуу боюнча туура чечимдер болушу керек”, - дейт өлкө башчысы.

Бул тууралуу Бердымухамедов 29-августта Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айткан.

Белгилей кетсек, түркмөн бийлиги пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктурган бир да учур катталбаганын билдирген.

Ошондой эле өлкө башчысы Ооганстанга гуманитардык жардам берүүгө жана өлкөдө стабилдүүлүктү орнотконго көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.

Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жарандар мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ayzhan12
2021-08-31 13:44:26
Динди шылтоо кылып караңылыкты жайылткан талибтер афган элине, аялдарына эч бир жакшылык алып келбейт. Күчкө салып аялдардын башына хиджаб, паранджаны тумчулап жатканы аялдардын көйгөйүн, жашоо муктаждыктарын чечпейт. Тескерсинче эми аялдар арасында оору, жакырчылык, жетишсиздик, караңгылык, билимсиздик күч алат.
+2
Samash-87
2021-08-31 14:08:39
ayzhan12,ушу сен тойгоздуң,согушту сүйлөсөң окоптон чачыңды саксайтып чыга берип.
+2
Rifle_I
2021-08-31 16:57:19
Samash-87,
0
Mister-XXX
2021-08-31 16:24:32
ayzhan12,"Көп сүйлөгөн тантык болот"-деген сага тиешелүү болсо керек.Жолдошуң кантип чыдайт экен сага.Сен айтканды баары эле билет.Сенден сураган да жок эч ким.Бир сөз менен айтканда тантык эле экенсиң.Же батыш уюмунда кызмат кылган саткын болушуң мумкун.
Нормальный адам бир нерсени кайталай бербейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан