Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун катышуусунда өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаарынын борбордук аянтында өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык концерт, улуу инсандардын тарых-таржымалы камтылган театралдаштырылган оюн-зоок шаар тургундарына жана келген конокторго тартууланды.
Майрамдык салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, достук мамиледеги шаарлардан келген делегаттар, түрк тилдүү мамлекеттерден келген жаш лидерлер, шаар тургундары жана коноктору катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө 31-август Кыргыз жарандары үчүн негизги майрам экендигин белгилеп, президент Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин эмгек жамаатынын атынан шаар тургундарын жана меймандарын куттуктады.
Министрлер кабинетинин төрагасы бүгүнкү күндө өлкө чыныгы демократия жана стабилдүү социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда экенин, анын аркасында көптөгөн оң өзгөрүүлөр бар экендигин кошумчалады.
Ал эми Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өлкөнүн эгемендүүлүгүн бекемдеп, жарандардын жакшы жашоосу үчүн биргеликте аракет көрөлү деп айтып, эркин өлкөдө, тынчтыктын желеги түбөлүк желбиреп, ар бир үйдө ынтымак жана достук болсун деген тилегин билдирди.
Борбордук аянттагы салтанат кыргыз эл артисттери Саламат Садыкова, Керим Турапов, эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Арсен, Венера Назаралиева, Айпери Кулбаева, Темир Назаровдун катышуусунда концерт тартууланды.
С.Ибраимов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын артисттеринин катышуусунда Кубат бий менен Ажы бийдин диалогу, кыргыз Каганатынын түптөлүшүндөгү Бакай атанын образы, Алымбек Датка, Курманжан Датканын театралдык көрүнүшү, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган көрүнүш, Касым Тыныстановдун жана Исках Раззаковдун өмүр жолу боюнча театралдык көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган гала-концерт кечки саат 19:00дө башталат. Майрамдык иш-чара фейерверк менен жыйынтыкталат.