Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу бир катар маданият жана искусство кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, куудул Борончу Кудайбергенов Эмгек сиңирген артист наамын алды.
"Бүгүн жеке концертимди тартуулайм, ошого чуркап даярданып жүргөм. Сыйлык аларымды билген эмесмин. Документтерди буга чейин эле топтоп бергенбиз, анда талапка туура келбей калган окшойт, алган эмесмин. Бул жолкусунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги наамга көрсөтөбүз дешкен. Жакшы болуптур, баалап, наамга көрсөткөнү үчүн министрликке рахмат. Документ топтоп жүргөндө айткам, биздин аксакалдарыбыз Жамбыл Камчиев бар. Абдылда Иманкулов деле көптөн кийин наам алган. Ал сыйлыкка татыганда кара далы кыз турмушка чыккандай эле кубануу болгон. Андыктан баарынын өзүнүн убактысы болсо керек", - деди ал.
Белгилей кетсек, Борончу Кудайбергенов президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин кеңешчиси.