2013-жылдын 3-ноябрында Кочкор-Жумгал автожолунда Мерседес Бенц (мамлекеттик номери S 8620 O) менен Ауди-80 автомашинасы (мамлекеттик номери S 2725 А) кагылышып, 6 адам жаракат алган. Бул тууралуу 4-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсык болгон жерге ӨКМнүн аталган районундагы куткаруучулары барып, алгачкы жардам көрсөтүшүп, анан жабыркагандарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген.