"Кубанычтуу кабарды кабыл ала албай турам дагы эле" дейт Эл артисти наамын алган Расул Маматкулов

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу бир катар маданият жана искусство кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, ырчы, обончу Расул Маматкулов Эл артисти наамын алды.

"Эл артисти наамын бүгүн алам деп ойлогон эмесмин, күтүүсүз болду. Наамга татыктуу болгонумду чыгармачылыктагы кесиптештеримден уктум. Азыр бул кубанычтуу кабарды дагы деле кабыл ала албай турам", - дейт ал.

Расул Маматкулов мындан 12-13 жыл мурда Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nargiz-sa
2021-08-31 16:56:11
Достун доорунда көрүп калыш кк да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан