Бек Борбиев Эл артисти наамын алганы боюнча: "10 жыл мурда чуркадым эле, бул жолкусунда эч нерсе кылган жокмун"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевге Эл артисти наамы ыйгарылды. Бул боюнча ырчы мырзага куттуктап байланышканыбызда "10 жыл мурда чуркадым эле, бул жолкусунда эч нерсе кылган жокмун" деп төмөнкүлөргө токтолду.

"Түнү менен студияда болдум, 1-2 саат эле болду уктап турганыма. Сыйлык алганымды бир досумдан уктум, куттуктоолордон улам телефонум тынбай жатат. Бул сыйлыкты алуу үчүн 10 жыл мурда документ топтоп чуркадым эле, бирок берилген эмес, кийин дагы 2-3 жыл чуркагам. Бирок бул жолкусунда эч нерсе кылган жокмун, документ дагы берген эмесмин. Чоң рахмат куттуктаганыңар үчүн, Эгемендик күнү менен баарыңыздарды куттуктайм", - дейт Борбиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгынын урматына бир канча мамлекеттик, маданий кызматкерлерге бир катар мамлекеттик сыйлыктар берилип, президенттин указы чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2021-08-31 15:16:09
Болду,сен дагы Саке дегенде жанынды бере турган болосун мындан ары!
-4
basyz-kaman
2021-08-31 16:31:37
Сыйлык кут Болсун!
+15
Asmat84
2021-08-31 18:10:37
Татыктуу инсан сыйлыгыныз кут болсун
+13
Gulina90
2021-09-01 08:13:14
Документ тапшырышат экенго,коп ырчылар досумдан,интернеттен угуп шок болдум деп олумуш болушатко,свйлык Кут болсун татыктуу инсанга берилиптир,кресло талашкандар мурда алып алган уялышпай.
+5
Rusi79
2021-09-01 09:19:05
Башкасын билбейм Бек Борбиев бул наамга татыктуу инсан,канчалаган ыр обондун автору аткаруучусу,сыйлыгыныз кут болсун сизден дагы хит ырларды кутобуз.
+10
suban78
2021-09-01 09:25:36
Кимге кандай билбейм, лично мен учун Бек Борбиев, Асель Турдалиева экоосу эн жакшы ырчылар. Биз чоноюп, алгачкы суйуу сезимдери пайда болуп жаткан маалда бир гана ушул эки ырчынын ырларын укчубуз. Кандай сонун ырларды чыгарышкан азаматтар. Сыйлык кут болсун, дагы жакшы ырларды чыгаргыла, Ийгилик.
+6
modem4999
2021-09-01 22:27:12
suban78,суйуу сезим де
0
arno2008
2021-09-01 23:45:10
Жегениң шоколад өзүңө жарашат деген ыры үчүнбү?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан